Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Гуревич 4,6 миллион доллардын таржымалын айтты


Евгений Гуревич.
Евгений Гуревич.

Бакиевдердин мурдагы финансылык кеңешчиси, учурда Америкада шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич АКШ Кыргызстанга которууга макул болгон 4,6 миллион доллардын таржымалын түшүндүрдү.

Ал бул каражат 2012-жылдын жаз айларында мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевге бейрасмий түрдө таандык болгон Гонконгдогу компаниядан АКШга которулганын “Азаттыкка” ырастады.

Анын алдында Гуревич АКШ бул акчага 2014-жылы “инсайдердик соодада” колдонулду деген шек менен арест койгонун, өзү Американын Юстиция министрлиги менен кызматташып, бул каражат кайдан келгенин аларга толук айтып бергенин "24.kg" жаңылыктар агенттигине билдирген.

Ал мынча акча Кыргызстандан “Азия Универсал Банкы” тарабынан эмес, “башка түзүмдөр” аркылуу чыгарылганын, окуя 2012-2013-жылдары болгонун кошумчалаган.

АКШ менен Кыргызстан мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол коюшкан. Ага ылайык, АКШ Евгений Гуревичтин кылмыш ишин иликтөөдө конфискацияланган 6 миллион доллардын 4,6 миллиону Кыргызстанга которула турган болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG