Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Бакиевдин тушунда уурдалган акча кайтарылат


Курманбек Бакиев, Минск, 2-март, 2017-жыл
Курманбек Бакиев, Минск, 2-март, 2017-жыл

АКШ Кыргызстанга мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтарып берет.

Буга байланыштуу 25-февралда Бишкекте эки тараптуу билдирүүгө кол коюлду. Документке ылайык, Кыргызстанга АКШдан 4,5 миллион доллардан ашык акча келет.

Эки тараптуу биргелешкен билдирүүгө Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс кол койду. Буга байланыштуу аталган министрликте журналисттер үчүн брифинг өттү. Анда министр Жээнбаева расмий Вашингтондун кыргыз бийлигинин «жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча аракеттерин баалап жана колдоп жатканы кубандырып» жатканын айтты. Ал АКШдан келген акча ириде элдин жашоосун жакшыртууга жумшалат деп ишендирүүгө аракет кылды:

Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

- Бул акча элден уурдалганын баса белгилеп кетким келет. Азыркы учурда америкалык кызматташтарыбыздын жардамы менен мыйзамдуу түрдө кайра кайтарып жатабыз. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын өкмөтү акчаны аны мыйзамдуу ээсине, атап айтканда Кыргызстандын элине кайтарып берүүгө ниеттенүүдө. Аталган иш-чаранын алкагында аймактарды өнүктүрүү максатында социалдык долбоорлор каржыланат. Атап айтканда, таза суу менен камсыз кылуу, жергиликтүү ооруканалардын жабдуусун жакшыртуу, адилеттүүлүктү орнотуу максатында коомдук көзөмөлдү жогорулатуу долбоорлоруна жумшалат. Бул акчанын чыгаша тартиби ачык-айкын болот жана аны пайдаланууда максималдуу натыйжа алыш үчүн бардык аракеттер жумшалат.

Уурдалган акчаны кайтаруу тууралуу билдирүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык активдерди кайтаруу иштерин эки тараптуу кызматташтыктын жетишкендиги катары сыпаттады:

- Экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү уурдаган 4,6 миллион долларлык активдерди териштирүү жана кайтарып алуу - эки өкмөттүн, атап айтканда, биздин укук коргоо органдарынын көп жылдан бери уланып жаткан кызматташтыгынын туу чокусу болуп саналат. Бул каражаттарды кайтарып алуу - чоң жетишкендик жана биздин эки тараптуу мамилелер үчүн абдан маанилүү учур. АКШ өкмөтү президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнө колдоо көрсөтөрүн баса белгилейт жана коррупцияга малынган аткаминерлер кыргыз мамлекетинен уурдаган каражаттарды кайтарып берүүгө АКШнын ынтызарлыгын көрсөтөт.

Элис Уэллс Кыргызстандагы сапарынын дагы бир максаты - эки тараптуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү жүргүзүү экенин да кошумчалады.

Биргелешкен билдирүүдө жазылгандай, АКШнын Чыгыш Нью-Йорк аймактык соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулунун эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Евгений Гуревичтин «инсайдерлик соода кылган» деген айып менен козголгон кылмыш ишин тергеген. Анын жыйынтыгында 6 миллион долларды конфискациялоо тууралуу өкүм чыккан.

«Конфискация тууралуу буйрукта көрсөтүлгөн каражаттарды Максим Бакиев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана банк мекемелеринен уурдап кеткени жазылган. Конфискация тууралуу буйрукка ылайык, 6 миллион доллардын 4,5 миллиону табылган жана «каражат кыргыз өкмөтүнө кайтарылып берилсин» деп көрсөтүлгөн. Бул каражаттар кыргыз өкмөтүнүн эсебине түшүүгө тийиш. Уурдалган акчанын калганын кайтарыш үчүн кошумча аракеттер пландаштырылган», деп жазылат билдирүүдө.

Бакиевдердин акчасы Кыргызстанга кайтарылабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:00 0:00

Былтыр Евгений Гуревич «Азаттык» менен болгон маегинде Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экенин айткан.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаевдин пикиринде, кыргыз өкмөтү сыртка чыгарылып кеткен акчаны кайтаруу аракетин улантышы керек.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- АКШ тарап азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүнүн жыйынтыгын көрүп, ага канааттанып, өзү да кадам таштап жатат, - деди ал. - Бул эл аралык дипломатия, муну сөзсүз колдонуш керек. Англия жана башка мамлекеттер менен колдонсок да жакшы болот. Биздин тышкы саясаттын көп багыттуу боло баштаганынын биринчи жыйынтыгы деп түшүнсөк болот. Эгер ортодо келишим болсо, экономикалык байланыштар да күчөйт эле. Биз Англиядагы акча боюнча да жардам сурасак болот. Баары бир АКШ менен Англия жакын, дос мамлекет да. Сыртка чыгып кеткен акчаны кайтарып алсак жакшы эле болмок. Кыргызстан кайсы жерде кызыкчылыгы болсо ошол мамлекеттер менен алака-катышты бекемдеши керек.

Саясат таануучу Эмил Жороев АКШнын «Кыргызстандан уурдалды» деген каражатты кайтарууга жардамдашуу аракетин кызматташтыктын жанданышы катары чечмеледи:

Эки тарап сыпайы сүйлөшкөнү менен кызматташтык ордуна келе элек болчу.

- 2015-жылдан баштап эки өлкөнүн ортосундагы мамиле өтө начарлап кеткени баарыбыздын эсибизде. Ошол эле АКШнын аскердик базасы жабылгандан кийинки ар кандай дипломатиялык пикир келишпестиктер, Кыргызстандын негизги келишимди жокко чыгарганы тууралуу баарыбыз билебиз. Эки тарап сыпайы сүйлөшкөнү менен кызматташтык ордуна келе элек болчу. Бул мамилелердин оңолушунун башаты деп койсо да болчудай. Кыргызстанда жаңы бийлик, жаңы президент келгенден бери маанилүү, бийик деңгээлде эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүү жүрө элек эле. Бул президент Жээнбеков жана анын командасы менен тил табышуунун, кызматташуунун башталышы деп карасак болот.

2015-жылы кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы кол коюлган кызматташтык тууралуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Мунун айынан эки тараптуу алака-катыш начарлаган. Расмий Бишкек буга чейин Вашингтон менен жаңы келишим даярдалып жатканын да билдирген эле.

Бакиевдин байлыгын Британия текшереби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:57 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG