Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Жалал-Абадда өрттөн бир адам көз жумду


Кыргызстандагы өрт учурунда тартылып алынган сүрөттөрдүн бири. Иллюстрация.
Кыргызстандагы өрт учурунда тартылып алынган сүрөттөрдүн бири. Иллюстрация.

28-февралга караган кечте Жалал-Абад шаарынын Базарбаев көчөсүндө бир шаар тургуну үй ичинде кулпуланып калганы тууралуу аймактык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабар келип түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, окуя болгон жерге барган куткаруучулар эшикти ачып, үйдөн чыга албай калган 60 жаштагы жарандын сөөгүн табышкан.

Сөөк укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Учурда кырсыктын себептери такталууда.

ӨКМ билдиргендей, 2019-жылдын алгачкы эки айында Жалал-Абад облусунда 64 өрт кырсыгы катталган. Кырсыктарда келтирилген материалдык чыгым 7 млн. 571 миң 444 сомду түздү. (ErN)

XS
SM
MD
LG