Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Токтошев: Кара майдын дүң жана чекене баасындагы айырма 20% жетти (видео)


Бишкек.
Бишкек.

Бишкекте кара майдын чекене жана дүң базардагы баасынын айырмасы 20 пайызга жетип жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып парламент депутаты Эмил Токтошев билдирди. Депутат бул маселеге өкмөттүн көңүлүн буруп, жазгы талаа иштери башталган чакта тез арада чара көрүүгө чакырды:

- Бишкек шаарынын четиндеги мунай базаларында АИ-92 маркасы 32,80-33 сомдон, ал эми май куюучу бекеттерде 40-40,90 сом болууда. Дизел майынын дүң баасы 39 сом, чекене баасы 44,50-45 сом. Айырмасы 8 сомдон же 20 пайыздан ашып кетип жатат. Кыргызстан Мунай сатуучулар бирикмесинин жетекчиси Канатбек Эшатов «Азаттык» радиосуна «дүң баа менен чекене баанын айырмасы 10 пайыздан ашпашы керек» деп интервью бериптир. Азыр болсо 20 пайыздан ашып турат. Өкмөт качан чара көрөт, чайкоочуларга, кызыл кулактык кылгандарга? Жазгы талаа жумуштары башталды. Биз дыйкандардын же өндүрүмүн сатканга, же кара майдын баасын түшүргөнгө жардам бербесек, буларга ким кам көрөт?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакында күйүүчү май рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырма берген.

Өкмөттүн жыйынында күйүүчү майдын бир литринин мунай базаларынан чыккан дүң баасы менен май куюучу жайлардагы чекене баанын ортосундагы айырмачылык 10 сомдон ашып жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн.

Мунай сатуучулар бирикмесинин жетекчиси Канатбек Эшатов күйүүчү майдын чекене баасы мунайды аз өндүргөн өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда эң арзан экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG