Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:02

Сот Атамбаевди үч саясатчыга 300 миң сом компенсация төлөөгө милдеттендирди


Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров. Коллаж.

Бишкектин Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди анын үстүнөн арыз жазган саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин ар бирине 100 миң сомдон компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, судья «Апрель» телеканалын такталбаган маалымат таратканы жөнүндө төгүндөө берип, доогерлерге эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирди.

Жолдубаева билдиргендей, жогорку инстанцияга кайрылуу-кайрылбоо маселеси соттун чечимин алгандан кийин чечилет.

Бүгүн, 28-февралдагы отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. «Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников алар Алмазбек Атамбаевдин интервьюсун чыгаруу менен журналистиканын принциптерин бузбаганын айтты. Доогерлердин адвокаты Динара Ашымова телеканал массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамды бузганын кеп кылды. Доогерлер өндүрүлгөн компенсацияны кайрымдуулукка жумшай турганын билдиришти.

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (25)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG