Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Ибрагим бин Абделазиз Аль-Ассаф менен Эр-Рияд шаарында жолугушту. Бул тууралуу 28-февралда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Тараптар кыргыз-сауд мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, кызматташууну жандантуунун жолдору жөнүндө сөз кылышты. Министрлер инвестициялык жана насыя долбоорлорун иштеп чыгууну, ушул багытта мамиле түзүүнү макулдашты. Жолугушуунун соңунда тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кеңешүү тууралуу меморандумга кол коюлду.
ТИМ ырастагандай, бул аталган өлкөгө тышкы саясатты жөнгө салуучу мекеменин башчысынын деңгээлиндеги биринчи сапар болуп жатат.
Күн мурун Айдарбеков Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Халид бин Салим Аль-Худайери менен жолуккан. Анда аталган фонд Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоосун көбөйтөөрү маалым болгон. (ErN)