Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Ымыркайды 190 миң сомго сатууга аракет кылгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме өкүлдөрү ырасташкандай, алгач белгисиз аял ымыркайды 190 миң сомго сатканы жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 31 жаштагы келин баштапкы төлөм катары 5 миң сом алып, ымыркайды сатып алуучуларга өткөрүп берип жаткан учурунда колго түштү. Анын дагы эки шериги бар экени аныкталып, алар да кармалды.

Кармалгандардын бири баланын апасы экендиги, экөө төрөткананын кызматкерлери экендиги такталды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Ыкчам тергөө иштерин Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жана УКМКнын кызматкерлери чогуу жүргүзүшкөн.

Былтыр сентябрь айында Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалган. Алар алты баланы башка үй-бүлөлөргө сатып жибергени кабарланган. Сатылган ымыркайлардын алды 2,2 жаш, кичүүсү былтыр августта төрөлгөнү айтылган. Ымыркайлар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган. Бул иш боюнча учурда сот уланууда.

Ички иштер иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан бери бала сатуу окуясы боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 14ү сотко жеткен. Алар боюнча соттон кандай чечим чыкканы жана жазага тартылгандардын саны боюнча маалымат жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG