Израилдин башкы прокурору өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга коррупцияга байланыштуу айып тагууга камданып жатат. Башкы прокурор Авихай Мандельблит өкмөт башчыга үч иш боюнча айып тагыларын түшүндүрдү.
Укук короо органдары жүргүзгөн эки иликтөөдө саясатчы ишкерлерди тымызын колдогону үчүн кымбат баалуу белектерди алып турганы аныкталган.
Полициянын версиясына ылайык, Нетаньяху "Едиот Ахронот" гезитин чыгарган Арнон Мозес менен келишим түзүүгө аракеттенген. Премьер-министр өзү жөнүндө “жакшы маанайдагы” макалалардын акысына басылманын башкы атаандашы "Исраэл Хайом" гезити менен күрөштө колдоо көрсөтүүнү сунуш кылган.
Премьер-министрдин басма сөз катчысы мындай айыптарды "күлкү келтирерлик" жана "абсурд" деп баалады.
Нетаньяху мыйзам бузган эч кандай иш кылбаганын, солчул партиялардын "таландысына түшкөнүн" айтып келет.
Ал атайын угуу маалында прокуратуранын дарегине сын-пикирин айта алат. Алдын ала маалыматка караганда, атайын угуу 9-апрелге белгиленген парламенттик шайлоодон кийин өтөт.
Эгер Нетаньяхунун келтирген жүйөсү бош болуп калса, анда Израилдин тарыхында биринчи жолу кызматтагы өкмөт башчыга айып тагылат.
68 жаштагы Беньямин Нетаньяху экинчи мөөнөтүн аркалап жатат, ал жалпысынан 12 жыл өкмөттү жетектеди.