Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

АКШ Өзбекстанга каржылай жардам берүүнү үч эсе көбөйттү


Элис Уэллс.
Элис Уэллс.

Кошмо Штаттар Өзбекстанга каржылык жардам берүүнүн көлөмүн эки жылда үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уэллс билдирди.

Ташкентте өткөн америка-өзбек саясий кеңешмесинин жүрүшүндө Элис Уэллс 2016-жылы Вашингтон Ташкентке 10,1 миллион доллар бөлгөнүн айтты. 2018-жылы бул сумма 28,1 миллион долларды түзгөн.

Элис Уэллс АКШ Өзбекстандагы реформаларды колдой турганын белгиледи.

Америкалык аткаминер Ташкентке 26-февралда америка-өзбек саясий кеңешмесине катышуу үчүн келген. Ушул эле күнү Элис Уэллс Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккан.

XS
SM
MD
LG