«Google» издөө кызматы жана «Facebook» менен «Twitter» социалдык түйүндөрү такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча убадасын аткарбай жатат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын 28-февралдагы билдирүүсүндө айтылат.
Мекеме ырастагандай, «Facebook» макулдашууларга карабастан, жарнамалар боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн эмес. «Google» жалган маалыматтардан арылыш үчүн кандай иш жасалганын түшүндүргөн жок. «Twitter» жарнамаларды жайгаштырууну көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча жыйынтыктарды берген эмес.
Билдирүүдө Европарламенттеги шайлоонун алдында компанияларда эч кандай жылыш байкалбай жатканы айтылган.
2018-жылы күзүндө Евробиримдик такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча «Facebook», «Twitter» жана «Google» менен ыктыярдуу регламент түзгөн. Документте саясий рекламаларга атайын белги коюу, туура эмес маалыматтарды тараткан интернет-ботторго каршы күрөшүү каралган.