Таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели тургузулат. Бүгүн, 1-мартта айкелдин эскизи тандалат. Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахманов «Азаттыкка» билдиргендей, жалпысынан 18 скульптор 27 эмгегин сунуш кылган. Алардын бешөө тандалып алынган.
Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулуп, анын ачылыш аземи мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган жетекчилердин катышуусунда 2017-жылы 9-ноябрда болгон. Айкелди скульптор Алмаз Кожогулов жасаган.
Айкел Чокморовдун өзүнө окшошпой калганы социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Коомчулукта ар кандай нааразы пикирлерден улам аны алмаштыруу чечими чыккан.
Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат. (КЕ)