Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Казакстандагы БТА банк Трамптын мурдагы юристин жалдаганы ачыкка чыкты


Мухтар Аблязов.
Мухтар Аблязов.

Бир кезде Казакстандын эң ири банкы болгон БТА банк азыр эл аралык чуунун чок ортосунда турат.

Банк мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды жана мүлктү АКШда мыйзамдаштырыш үчүн президент Дональд Трамптын мурдагы юристин жалдаганы ачыкка чыкты.

Бул Майкл Коэндин Конгресстеги комитеттин алдына чыгып жасаган күтүүсүз билдирүүсүнөн кийин билинди. Анын (Коэндин – авт.) чынчылдыгына шек санап өкүлдөр Жим Жордан жана Марк Мидоуз ал эмне себептен БТА банк тарабынан 2017-жылы жалданганын жашырып жүргөнүн сурады.

«Аталган банктын мурдагы башкы директору 4-6 млрд. доллар менен качкан. Ал каражаттын айрым бөлүгү АКШда болгон. Ошол акчанын изин таап, кайтырууга жардам сурап кайрылышкан», - деди Коэн.

Маалыматта айтылгандай, Коэн БТА банк үчүн пайдалуу иш кылбагандыктан келишим үзүлгөн.

«Bloomberg» эки айлык иши үчүн Коэн 300 миң доллар алганын кабарлаган.

Казакстандык ири ишкер жана банкир, мурдагы энергетика министри БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада качып жүрөт.

Ал былтыр сыртынан 20 жылга кесилген. БТА банкын жетектеп турганда ага «банк ичинде кылмыштуу топ түзгөн, кызматын кыянат пайдаланган, ири өлчөмдө акча уурдаган жана банктын каражатын мыйзамсыз колдонгон» деген айыптар тагылган.

БТА 2009-жылы мамлекеттештирилип, банкрот деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG