Былтыр кызамык оорусунун көбөйүшү боюнча Украина биринчи орунга чыкты. ЮНИСЕФ 1-мартта билдиргенине караганда, дүйнөдөгү абал «кооптондуруучу деңгээлге» жетти. Өлүмгө алып келчү, бирок алдын алынуучу бул инфекциялык оорунун жайылышынын бир себеби эмдөөгө каршы кыймылдын кеңейиши, андай аракеттер дарыгерлердин кызамыкты көзөмөлгө алууга багытталган жылдардан берки иштерине доо кетирүүдө, дешет адистер.
Эмдөөгө каршы кыймыл көптөн бери дарыгерлерди кабатыр кылып келатат. Көптөгөн оорулардын алдын алчу вакцинация «зыяндуу болушу мүмкүн» деген жаңылыш пикирлер өзгөчө социалдык тармактарда кеңири тараган.
ЮНИСЕФтин статистикасы көргөзгөндөй, былтыр Украинада кызамыктын 35 миң 120 учуру катталган. Алдынкы жылы бул көрсөткүч 5 миң кишиге аз болчу.
Соңку маалыматка караганда, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызамыкка чалдыккандардын саны 600гө чамалады. Былтыр бир жыл ичинде 1 миң 5 учур катталган.