Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Картөшкөгө карата чектөө маселесин кыргыз-казак тарап бир айда чечмек болду


Кыргызстандык дыйкан картөшкө ташып жатат. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык дыйкан картөшкө ташып жатат. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөтү 1-мартта билдирүү таратып, 28-февралда Астанадагы кыргыз-казак өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө тараптар Казакстанга картөшкө ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алып салууну караган протоколго кол коюшканын кабарлады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тактагандай, бул документке ылайык чектөө кеминде 15 күндүн ичинде, болбосо бир айдын ичинде алынышы мүмкүн. Ал кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин так билинет.

Соңку билдирүүсүндө кыргыз өкмөтү кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе ЕАЭБ Кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген кезектеги жыйынына чыгарыларын ачыкка чыгарды. Астана шаарына Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган топ барды.

Кечээ, эки тараптын жолугушууларынан кийин Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы дароо билдирүү таратып, казак тарап чектөөнү алып салууга даяр экенин жарыялаган. Бул үчүн казак тарап Кыргызстандын фитосанитардык кызматы 2019-жылдын февраль айынан июль айына чейин фитосанитардык карантиндик көзөмөлдү күчөтүү боюнча жол картасынын талаптарын аткарышы керек экенин эскерткен. Ал документ 17 пункттан турарын белгилеген Казакстан тарап чектөө кайсы күнү алынарын так билдирген эмес.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), Globodera rostochiensis нематодалары (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG