Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:12

Казакстан Кыргызстандын картөшкөсүн киргизүүгө тыюу салды


Ысык-Көлдө өстүрүлгөн картөшкө.
Ысык-Көлдө өстүрүлгөн картөшкө.

Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу 19-февралда Казакстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады. Фитосанитардык чектөө Кыргызстандын картөшкөсүнө, алмасына, курмасына, Өзбекстандын анарына коюлду.

Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), нематод Globodera rostochiensis (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген. Билдирүүдө 2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандан ташылган өнүмдөрдөн 500дөн ашуун ушундай бирдиктүү карантиндик фитосанитардык эреже бузуу учурлары болгону айтылат.

Былтыр 17-августта Өзбекстан Кыргызстандан ташылган картөшкөгө тыюу салып, 2-ноябрда кайра киргизүүгө уруксат берген. Анын алдында өкмөттүн убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганына нааразы болуп жатышат.

2018-жылы Кыргызстанда 84,4 миң гектар аянтка картөшкө айдалган. Натыйжада жалпы 1,5 миллион тонна картөшкө өндүрүлгөн. Быйыл 81 миң гектар картөшкө эгилет деп эсептелди. (ErN)

XS
SM
MD
LG