Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Пакистан аба мейкиндигин жарым-жартылай ачты


Пакистан аба мейкиндигин жарым-жартылай ачты. Жарандык авиация мекемеси Карачи, Исламабад, Пешавар жана Кветтагабардык жергиликтүү жана эл аралык рейстер аткарыларын билдирди. Калган аэропорттор, анын ичинде Индия менен чектеш Лахор 4-мартка чейин жабык болот.

Пакистан армиясы индиялык эки учакты атып түшүрүп, бир пилотту колго түшүргөндөн кийин Исламабад 27-февралда аба мейкиндигин жаап койгон.

Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан “тынчтык ишарасы катары пилот жума күнү Делиге өткөрүлөрүн жарыялаган.

28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон кризисти жөнгө салуу аракетинде ортого түшүп жатканын билдирди.

Атомдук куралга ээ болгон эки өлкөнүн мамилеси өткөн айда Кашмир штатындагы кол салуудан индиялык 40тан ашуун полициячы өлгөндөн кийин курчуп кеткен.

Бейшембиде бир катар авиакомпаниялар Пакистандын үстүнөн өтчү учактарын башка жолдорго бурууга же каттамдарын башка күнгө которууга аргасыз болушту. Миңдеген жүргүнчү көздөгөн жагына уча албай аэропорттордо калышкан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG