1-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Баткен облусунда жумуш сапары менен болуп, элчиликтин колдоосу аркылуу ишке ашкан долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.
Элчи мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цехтин ишин көрүп, медреседеги кесип үйрөнүп жаткан жаштардан кабар алды. Мындан сырткары, ал Баткен мамлекеттик университетинде Америка ресурстук борборунун ачылуу аземине да катышты.
Дональд Лу учурда Кыргызстанда АКШ элчилигинин карамагында 2 млн. долларга бааланган долбоорлор иштеп жатканын айтып өттү. Элчи жергиликтүү «Салам Медиа» радиосуна барып түз ободо угармандар менен баарлашып, суроолорго жооп берди. (JsA\ErN)