Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Бишкекте жапон маданиятынын көргөзмөсү башталды


«Фудзинин этегиндеги желаргы жөнүндө» көргөзмөсүндөгү экспонаттар. Бишкек, Кыргызстан.
«Фудзинин этегиндеги желаргы жөнүндө» көргөзмөсүндөгү экспонаттар. Бишкек, Кыргызстан.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Фудзинин этегиндеги желаргы жөнүндө» аттуу жапон маданиятынын көргөзмөсү башталды. Көргөзмө 4-апрелге чейин уланат.

Иш-чара мекеменин мурдагы директору Майрам Юсупованын 80 жылдыгына арналган. Көргөзмө жапон элчилиги тарабынан уюшулуп, ага Юсупованын өзүнүн буюмдары, анын үй-бүлөсү жыйнаган атактуу жапон сүрөтчүсү Кацусака Хокусаянын (1780-1849) «Фудзи тоосунун 36 түрү» аттуу гравюлары коюлган.

Көргөзмөдө «Батыш-чыгыш диалогу. Улуу Жибек жолу» долбоорунун катышуучулары Юристанбек Шыгаевдин, Виктор Сырневдин, Михаэл Цобелдин, Лина Фоноуракистин, Ясуки Хиромацунун, Гизела Зайберт-Филиппендин, Юң Хо Кимдин, Херберт Фишердин, Франсуаз жана Клод Чавандын да эмгектерин көрүүгө болот.

Маданияттын ардактуу кызматкери Майрам Юсупова 1982-1986-жылдары СССРдин Жапониядагы элчилигинде эмгектенген. 1994-1996-жылдары Бишкек гуманитардык университетинде жапон тилинен сабак берип, 1996-2008-жылдары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору болуп иштеген. Өлкөнүн маданият тармагына салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Жапондор Токиодогу белгилүү Фудзияма тоосун Фудзи деп да аташат. (GT\ErN)

XS
SM
MD
LG