Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

КТРКнын директорлугуна жарышта финалдык баскычка сегиз талапкер өттү


КТРКнын курамындагы телеканалдардын логотиптери коюлган микрофондор. Иллюстрациялык сүрөт.
КТРКнын курамындагы телеканалдардын логотиптери коюлган микрофондор. Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши 1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин программасын угуп, сегиз кишини финалдык баскычка өткөрдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

Финалга өткөндөр - Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев.

Калган талапкерлер - Мирбек Мурзабеков, Малика Курманова, Куттумидин Базаркулов, Алим Токторов, Сюита Соурбаева, Дүйшөк Мамбетөмүров, Ишен Айтмамбетов, Абдухалил Акматов жана Эркинай Эшанкулова - кеңештин мүчөлөрүнүн керектүү добушун ала албай калды. Жекшеев түшүндүргөндөй, булардын программаларында чийки жерлери болгон.

Мурда айтылгандай шайлоо 14-мартка эмес, 6-мартка белгиленди.

28-февралда учурдагы директор Илим Карыпбеков кайра шайлануу боюнча өз арызын кайтарып алган. Ал күнү Байкоочу кеңеш ошондой эле Каарманбек Кулуев даталапкерлердин тизмесинен четтеткен. Андан мурдараак үч талапкер, Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимова документтери толук болбогондуктан сынакка катышуу укугунан ажыратылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG