Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:58

Ошто террордук ИМ тобу менен байланышы бар деп айыпталган адам соттолду


Сирияга барган казак жарандары. (видеотасмадан алынган сүрөт)

Ош шаарынын тургуну 2016-жылы агасынын атына паспорт алып, жакын тууганы менен кошо Түркия аркылуу Сирияга кеткен. Ал жакта "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлерди даярдоочу лагеринен даярдыктан өткөн деп айыпталып, камалган.

Айыпталуучу сотто башка бирөөнүн атына паспорт алып, аны менен чек арадан мыйзамсыз чыкканын мойнуна алды. Бирок Сирияда жоочулардын катарында Асаддын өкмөтүнө каршы согушкан деген айыпты четке какты. Айыпталуучунун айтуусунда ал 2016-жылы Сирияга алданып барган. Бирок 2017-жылы кайра Түркияга качып, чек арадан кармалган. Түрк полициясы аны Кыргызстандын күч органдарына өткөрүп берген.

Сот өз чечиминде айыпталуучуга Кылмыш кодексинин 226-беренесинин 2-бөлүгү (Кыргызстандын жаранынын чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышканы же алдын ала сүйлөшүп алып, террордук-экстремисттик даярдыктан өткөн) боюнча тагылган айыпты четке кагып, актады.

Ал эми Кылмыш кодексинин 350-беренеси, 2-бөлүгү (Жасалма документ пайдаланган) жана 358-беренесинин 1-бөлүгү (Бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин белгиленген эрежелерин бузуу боюнча айыптуу) деп таап, төрт жылга эркинен ажыратты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирияга кеткен жарандардын саны 800гө жеткенин билдирип келет. Алардын арасында аялдар жана балдар бар.

2015-жылы Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, чет мамлекетте согуштук аракеттерге катышкан жарандардын жазасы күчөтүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG