Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Сауд Арабиясы Хамза бин Ладенди жарандыктан чыгарды


Хамза бин Ладенге издөө жарыяланган.
Хамза бин Ладенге издөө жарыяланган.

"Ал-Каида" террордук уюмунун мурдагы лидери Усама Бен Ладендин уулу Хамза Бин Ладенди жарандыктан чыгаруу боюнча Сауд Арабия Ички иштер министрлигинин жардыгы 1-март күнү өкмөттүк басылмаларга жарыяланды. АКШнын мамлекеттик департаменти 28-февралда Хамза Бин Ладендин жайгашкан жерин таап берген адамга 1 млн. долларга чейин сыйлык берилерин маалымдаган.

Кошмо Штаттар жыл башында Хамза бин Ладенди глобалдык террорчулардын тизмесине киргизген.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө ылайык, Хамза бин Ладен “Ал-Каида” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү тарабынан уюмдун башчысы катары жарыяланган.

Өткөн жылдын июль айында “Ал-Каида” террорчу уюму тараткан аудио билдирүүдө Хамза бин Ладен АКШдан атасынын өлүмү үчүн өч аларын айтып, Вашингтонду мусулмандарды кысымга алып жатат деп айыптаган. Анын атасы 2011-жылдагы Пакистанда Кошмо Штаттардын атайын күчтөрүнүн операциясы маалында өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG