Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Ооган күчтөрү талибдердин чабуулунун мизин майтарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-февралдагы талиптердин чабуулунда ооган күчтөрүнөн 25 аскер мерт кетти, ал эми талиптердин тогуз согушкери, анын ичинде үч жанкечтиси өлтүрүлдү деп маалымдашты расмийлер.

Маалыматка ылайык, талиптерден тазалоо иштери Гилменддеги талиптер кол салган аскердик база жайгашкан Кэмп-Шораб аймагында уланууда. Базада америкалык кеңешчилер менен жоокерлердин бир бөлүгү да жайгашкан.

АКШ контингентинин басма сөз катчысы полковник Дэйв Батлер «Ооганстандын эр жүрөк коопсуздук күчтөрү кол салгандарга жооп кайтарышты» деп «Твиттерге» жазды. Батлер талиптер базага кирип барышканын, бирок аскерлер аларды токтотуп калышканын кошумчалады.

«Талибандын» согушкерлери ондогон ооган жоокерлерин өлтүрүшкөнүн билдиришти. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган армиясындагы булагы маалымдагандай, атышууда базанын кол башчысы мерт болду.

Соңку кол салуу АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Катарда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасын өткөрүп жаткан кезге туура келди.

28-февралда Залмай Халилзад сүйлөшүүлөр ушул жекшембиде уланаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG