Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү башталды

Жалпы ишембилик. Бишкек. Март, 2016-жыл. (архив)
Жалпы ишембилик. Бишкек. Март, 2016-жыл. (архив)

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарлыгы боюнча, бул өнөктүк алкагында 1-марттан 31-майга чейин айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Бул иш-чарага өлкөнүн бардык айыл-кыштак, шаарлары тартылат. Анын алкагында көчөлөрдү жана короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди жүргүзүү, мамлекеттик мекемелерди жана турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жана айланасын оңдоо, түнкү чырактарды калыбына келтирүү жана орнотуу, айыл-кыштактарга жана шаарларга бак-дарак тигип, гүл отургузуу, муниципалдык жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу өнөктүгү социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу максатында жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан маалымдашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG