Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

Нобел сыйлыгынын ээси Жорес Алферов дүйнөдөн кайтты


Жорес Алфёров

Физика илими боюнча Нобел сыйлыгынын ээси, советтик жана орусиялык окумуштуу Жорес Алферов 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Ал 1930-жылы Витебск шаарында туулган. Минскиде жашап, окуп, кийин Ленинграддагы электротехникалык институтуна сынаксыз кабыл алынган. Аны аяктаган соң Иоффе атындагы физико-техникалык институтта иштеген.

Ал илимий иштеринде жарым өткөргүчтүү гетероструктураларды иштеп чыгып, опто-микроэлектрондук компоненттерди түзүү боюнча иштеген. Бул үчүн ал 2000-жылы америкалык Жек Килби жана Герберт Кремер менен чогуу физика жаатында Нобел сыйлыгын алган.

Алферовдун илимий иштеринин натыйжасында жасалган технологиялар күнүмдүк турмуштан тартып, жогорку технологиялык жабдыктарга чейин пайдаланылып келет.

Жорес Алфёров Мамлекеттик Думанын алты чакырылышындагы депутаты болгон, акыркы беш чакырылышында ал Коммунисттик фракциянын мүчөсү болгон.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG