Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

АКШ венесуэлалык 49 жетекчини визасынан ажыратты


Эллиот Абрамс.
Эллиот Абрамс.

Трамптын администрациясы Мадуро режиминин 49 өкүлүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн америкалык визадан ажыратты. Алар Венесуэла армиясынын жана коопсуздук күчтөрүнүн ири кызматкерлери. Бул тууралуу Fox News гезитине курган маегинде администрациянын Венесуэла боюнча өкүлү Эллиот Абрамс билдирди:

- Мен Мадуронун режими кулайт жана ал Венесуэладан кетет деп так айта албайм. Эгер буга үч күн калганда биздин оппоненттер администрациянын саясаты жокко чыкты деп айтса да таң калбайм.

Кошмо Штаттар Венесуэлага каршы экономикалык санкцияларды киргизген, анын ичинде энергетика тармагы да бар. Бирок бул Николас Мадуронун башкаруусун алсырата алган жок. Ошентсе да, Абрамс санкциялардын таасири билингенче убакыт керектигин айтты. Ал Венесуэла өкмөтү мунай сатууда тушугуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи.

Трамптын атайын чабарманы санкциялар Кубанын Венесуэла менен тыгыз байланышкан жетекчилерине тиешелүү болорун тактаган жок.

Эллиот Абрамс Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо менен байланышып турат.

Гуайдо азыр Бразилияда жүрөт, бирок жакынкы күндөрү мекенине кайтып келүүнү убада кылган.

XS
SM
MD
LG