Шаардагы иш-чара алгач жөө жүрүш менен башталды. Колуна желек көтөрүп, ак калпак жана улуттук кийимдерди кийген шаардыктар борбордук “Эркиндик” аянтына көздөй жүрүш жасашты. Майрамдык салтанатка шаар мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, калаа тургундарын жана конокторду куттуктады. 2 миңден ашуун майрамдын катышуучуларына концерттик программа тартууланды.
3-март - Мамлекеттик желек күнү. 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.
2011-жылы Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү боюнча демилге көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.
Учурда Жогорку Кеңеште «Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун макамын берүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланууда. Бул сунуш буга чейин тармактык комитетте каралган.
Мыйзам долбоорунда кыргыздын улуттук баш кийими - калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу жазылган. Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынары айтылат. (RsK)