Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда бир кишиге 3,3 лирге чейин азайды. 2014-жылы бул көрсөткүч киши башына 4,3 литр болчу. Статистика боюнча Кыргызстанда алкоголдук ичимдик ичүү 1992-жылдан тартып көбөйгөн.
Алкоголдук ичимдиктерге арак, вино, коньяк, шампан жана пиво киргизилген. Бул расмий гана маалыматтар. Статистика жасалма алкоголдук ичимдиктердин эсебин камтыган эмес.
2014-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алкоголдук ичимдиктерди пайдалануунун дүйнөлүк статистикасын жарыялаган. Анда Кыргызстан 191 өлкөнүн ичинен 118-орунду ээлеген. Бул жылы Кыргызстанда киши башына 4,3 литр алкоголдук ичимдик туура келген. Казакстанда бул көрсөткүч 10,3 литр, Өзбекстанда 4,6 литр, Түркмөнстанда 4,3 литр, ал эми Тажикстанда 2,8 литр ичимдик туура келген.
Акыркы убактарда өлкөнүн ар кайсы аймактарында бүтүндөй айылдар алкоголдук ичимдиктерден баш тартып, дүкөндөрдөгү ичимдиктерди ыргыткан учурлар катталган. (ZKo)