Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Ооганстанда суу ташкындан 20 киши каза тапты

Кандагардагы суук. 2015-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кандагардагы суук. 2015-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кандагар провинциясындагы капыстан башталган суу ташкында каза тапкандардын ичинде балдар да бар. 2-мартта БУУнун гуманитардык маселелер башкармалыгы маалымдагандай, нөшөрлөгөн жаандан кийин башталган сел үйлөрдү жана автоунааларды агызып кеткен.

“Кеминде он киши, анын ичинде балдар да дайынсыз болууда” деп билдирди Улуттар уюму. Маалыматтарга караганда, суу ташкындан эки миңге чукул үй жабыркаган болушу мүмкүн жана аймактын инфраструктурасы да бузулду.

Кандагардын губернаторунун орун басары Абдул Ханан Монеибдин билдиргени боюнча бул жолку сел акыркы жети жылдагы эң катуусу болду. Анын айтуусунда, адамдардан сырткары сел малды да агызып кеткен.

Улуттар уюмунун билдирүүсүндө Кандагардагы Кочи элинин 500 чамалуу көчмөн калкы дарыянын аркы өйүзүндө калышкан жана жардамга муктаж. Бирок жергиликтүү аткаминерлердин айтуусунда, катуу жаап жаткан кар куткаруу иштерине жолтоо болууда.

Ооганстандын дарыяларга бай тоолуу аймагы кар эриген учурда суу ташкындан көп жабыркайт.

БУУнун маалыматтары боюнча быйыл 12-февралга карата Ооганстанда 500 чамалуу киши суу ташкындан көз жумушкан.

XS
SM
MD
LG