Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

Челябинскиде үч бала өрттө каза болду


Астананын Сарыарка районунда өрттөнгөн үй.

Кырсык 3-марттын таңында болду. Облустун Нововарламово поселогунда жер үйдө чыккан өрттөн андагы эки, төрт жана алты жаштагы үч бала каза тапкан. Такталган маалыматтар боюнча, өрт балдардын ата-энеси жумушка кеткен учурда чыккан.

Учурда өрттүн себептери аныкталууда.

Өткөн айда Казакстандын борбору Астанага жакын Сарыарка районунда жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкан.

Кыргызстанда кош бойлуу энеси бейтапканага кеткенде жалгыз калган үч бала да өрттөн чыккан иске ууланып, ооруканага түшкөн.

XS
SM
MD
LG