Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Баткендин Боз-Адыр айылынын тургундары каналды тазалоо демилгесин көтөрүп чыгышты. Айыл тургуну Нурлан Доскараевдин “Азаттыкка” айтымында, Сох дарыясынан сугат суу алган каналдын эки чакырым аралыгы Сох анклавынын Шархабад айылы аркылуу өтөт. Дарыядан насос менен тартылып алынган суу сугат каналына келет. Каналдын узундугу 9 чакырым, андан Боз-Адыр айылындагы 60 гектар айдоо аянты жана айыл эли суу ичет.
Буга чейин суу талаштын айынан эки элдин ортосунда көп жолу чатак чыккан. Асманга ок атылган учурлар да болгон. Учурда канал тазалап жаткан жаштардын коопсуздугун чек ара кызматкерлери көзөмөлдөп турат. (MdN)