Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Иран: Интернетте оппозиция өкүлдөрүнүн жаңы сүрөттөрү чыкты


Ирандын оппозициячыл лидерлери Мир Хусейн Мусави (солдо) жана Мехди Карруби (оңдо) маркум аятолла Хусейн Али Монтазеринин сөөгүн коюу жөрөлгөсү маалында. Ыйык Кум (Ком) шаары. 2009-жылдын 21-декабры.
Ирандын оппозициячыл лидерлери Мир Хусейн Мусави (солдо) жана Мехди Карруби (оңдо) маркум аятолла Хусейн Али Монтазеринин сөөгүн коюу жөрөлгөсү маалында. Ыйык Кум (Ком) шаары. 2009-жылдын 21-декабры.

2011-жылдан бери үй камагында отурган ирандык оппозициячылар Мирхуссейин Мусави менен анын жубайы Захра Рахнаварддын сүрөттөрү 3-мартта оппозициялык “Кэлеме” сайтынын "Телеграмдагы" баракчасында пайда болду. Сүрөттөр башка социалдык тармактарда да кеңири тарап, "Etemadonline" жаңылыктар сайты аны "Твиттердеги" баракчасына жайгаштырды. Бирок өз сайтына жарыялаган жок.

Маалыматтарга караганда, сүрөттөр жана видеолор Мусавинин эжесинин үйүндө тартылган. Бийлик Мусавиге жана жубайына туугандары менен көрүшүүгө көп жыл өткөн соң эми гана уруксат бергени кабарланууда.

Ирандагы оппозициянын лидерлери Мир Хусейн Мусави менен Мехди Карруби 2011-жылы мартта кармалып, камакка алынган. Кийинчерээк алар үй камагына кесилген. Бийлик алардын сүрөттөрүн басылмаларда жана социалдык тармактарда жарыялоого тыюу салган.

Мусави менен Карруби 2009-жылы июнда президенттик шайлоодо ошол кездеги президент Махмуд Ахмадинежадга атаандаш болушкан. Алар шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышкан. Шайлоонун жыйынтыгына каршы көтөрүлүп чыккан элди Иран бийлиги күч менен баскан.

XS
SM
MD
LG