Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Аба ырайы: Тоолуу жолдордо көчкү жүрөт


Тоодогу жол. Кыргызстан.
Тоодогу жол. Кыргызстан.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 3-5-март күндөрү жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш жана Сары-Таш–Кара-Мык жолдорунда кар көчкү жүрөт жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Машинелердин ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

4-мартта Кыргызстандын айрым аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз 0…-5 градус суук болот.

4-мартта Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 0…2°, күндүз 10…12° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG