Элеттиктер беш жыл мурун курулушу башталып, бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турган мектепти жаңы окуу жылына чейин бүтүрүп берүүнү президенттен суранышты.
Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш жайгашкан Сай айылынын тургуну Жалалдин Оболбековдун "Азаттыкка" айтымында, элеттиктердин президентке, өкмөт башчыга кайрылуусуна балдардын эски мектепте үч нөөмөт менен, 4-5 чакырым аралыктан каттап окуп жатканы түрткү болгон:
- Бизди тынчсыздандырганы - балдар алыскы айылдардан 4-5 чакырым жол басып окуйт. Үч нөөмөт болгондуктан, сабак саат 8:00де башталып, кечкисин 19:30да аяктайт. Биз жашаган аймак тоолуу, кышкысын күн кыска болот. Балдар ээн талааны аралап мектепке барып келишет. Бул талаада кышында карышкыр, чөөлөр көбөйөт. Ошондуктан жаңы мектепти быйылкы окуу жылына чейин бүтүрүп берүүнү жетекчилерибизден өтүнөбүз.
Оболбековдун айтуусунда, эски мектепте болгону алты гана класс бар. Анда 400 окуучу үч нөөмөттө окуйт. Мектеп 1974-жылы курулган. Ал эми эки кабаттуу, 225 орундуу жаңы мектептин курулушу 2014-жылы башталып, каражат болбогондуктан токтоп калган. (ZKo)