Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Эстонияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


3-мартта Эстонияда дээрлик 1 миллион шайлоочу парламентти шайлап жатат. Саат 9:00дө башталган добуш берүү кечки саат сегизде аяктайт. Шайлоого он саясий партия катышууда.

Алдын ала сурамжылоолор боюнча мурдагы депутат Кая Каллас жетектеген Либералдык реформа партиясы добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болгон. Ага премьер-министр Юрий Ратастын центристтик партиясы атаандаш чыкты. Маалыматтарга караганда бул партияга адатта Эстониянын орус тилдүү жарандары добуш беришет.

Ошондой эле шайлоого чукул оңчул Эстон элдик партиясынын рейтинги өстү. Божомолдор боюнча, 101 депутаттан турган парламентке алты партия кириши ыктымал.

XS
SM
MD
LG