Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:38

Нетаньяху: Израил Орусия менен Сирия боюнча кызматташат


Сириядагы качкындар. Январь, 2019-жыл.
Сириядагы качкындар. Январь, 2019-жыл.

Израил Сириядан чет элдик күчтөрдү чыгарыш үчүн Орусия менен кызматташат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тел-Авив менен Москва Сириядан чет элдик күчтөрдүн чыгып кетишин тездетүү максатында биргелешкен топ түзүүнү макулдашканын билдирди:

- Президент Владимир Путин экөөбүз Сирияда жарандык согуш тутангандан кийин келген чет элдик күчтөрдү чыгарууну макулдаштык. Биз милдетти биргелешип аткара турган күч түзүүнү макулдаштык, ал коюлган максатты аткарууда башкалар менен бирге иштешет.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сириядагы кырдаал, андагы Ирандын ролу тууралуу маселени талкуулоого 27-февралда Москвага жумушчу сапары менен барган.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта сегиз жыл толот. Орусия менен Иран куралдуу жаңжалда президент Башар Асадды колдосо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан 2000 аскерин чыгарып кетерин күтүүсүздөн жарыялаган соң Орусия менен Түркия согуш болуп жаткан аймактарда аскердик операцияларын өз ара координациялоону макулдашкан.

Сирияда 2011-жылдан бери басылбаган согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды. Беш миллиондой адам качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG