Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Зилалиев жагдайына байланыштуу кайрылуу таратты


Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин атынан маалымат каражаттарынын электрондук даректерине кайрылуу жиберилди. Аны адвокаты Чынара Жакупбекова «Азаттыкка» тастыктады.

Анда Зилалиев өзүнө туугандары жана жакын адамдары аркылуу басым болуп жатканын билдирип, аны туугандарынын мүлкү, банк эсептери да эч кандай негизсиз камакка алынганы менен түшүндүргөн. Андан тышкары уулу оорулуу болгондуктан, февралда Москвага операция жасоо пландалганын, аны Орусияга алып барууга уруксат суралганы менен тийиштүү органдар жооп бере элек экендиги белгиленген.

Зилалиев камалган кезде жубайынын эки айлык кош бойлуу экенин, бирок башына түшкөн иштен улам аялы кыжалат болуп, боюнан түшүп калганын кошумчалаган. Ошондой эле өзүнө карата мындай мамиленин чоо-жайын түшүнбөй жатканын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG