Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Вена: АКШ менен Орусиянын генералдары Сирия маселесин талкуулашат


АКШнын генералы Жозеф Данфорд жана орус генералы Валерий Герасимов. 8-июнь, 2018-жыл.
АКШнын генералы Жозеф Данфорд жана орус генералы Валерий Герасимов. 8-июнь, 2018-жыл.

Америкалык жана орусиялык генералдар Венадагы жолугушууда Сириядагы кырдаалды талкуулап жатышат. АКШ, Орусия, Иран, Түркия Сириядагы сегиз жылга созулган жарандык согушту басууга аралашып жүрүшөт.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Герасимов Венада кездешкенде башка да чукул маселелерди талкуулашат.

«Эки генерал коалициянын жана орус армиясынын Сириядагы операцияларын талкуулап, АКШ менен Орусиянын ортосундагы аскердик алака тууралуу пикир алмашат. Европадагы эл аралык коопсуздукту жана башка маанилүү маселелерди карашат» – деди Данфорддун басма сөз катчысы полковник Патрик Райдер.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта сегиз жыл толот. Орусия менен Иран куралдуу жаңжалда президент Башар Асадды колдосо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан 2000 аскерин чыгарып кетерин күтүүсүздөн жарыялаган соң Орусия менен Түркия согуш болуп жаткан аймактарда аскердик операцияларын өз ара координациялоону макулдашкан.

Сирияда 2011-жылдан бери басылбаган согушта 400 миңдей киши кырылды. Беш миллиондой адам качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG