Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:19

Алжирдин президентине нааразылык күчөдү


Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика. 14-август, 2005-жыл.
Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика. 14-август, 2005-жыл.

Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика өлкөсүндөгү нааразылык акцияларына карабай бешинчи мөөнөткө ат салышуу үчүн тиешелүү документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул элдик толкундоону күчөттү. Эки күн мурда жалпы өлкө боюнча демонстрацияларга 800 миңдей киши чыкканы кабарланды. Алар парламент менен өкмөттүн имаратыне бет алганда полиция көздөн жаш чыгарчу газ чачып, ондогон киши жабыркаган. Дагы ондогон адамды тартип коргоочулар кармап кетишкен.

82 жаштагы Бутефлика бир нече жыл мурда инсультка кабылып, майыптардын арабасы менен жүрөт, жакшы сүйлөй албаганына байланыштуу эл алдына да өтө сейрек чыгат. Бутефликанын шайлоо штабынын башчысы эгер ал кайра шайланса, бир жыл ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, бийликти тынч жол менен тапшырууга убада берип жатканын билдирди.

Бутефлика Алжирди 1999-жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG