Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Венесуэланын оппозиция лидери мекенине кайтып барат


Венесуэланын оппозиция лидери Хуан Гуайдо Эквадордо эл менен жолугушууда. 2-март, 2019-жыл.
Венесуэланын оппозиция лидери Хуан Гуайдо Эквадордо эл менен жолугушууда. 2-март, 2019-жыл.

Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо 4-мартта мекенине кайтып келет. Президент Мадуронун бийлиги ал кайтып келгенде камакка алынарын эскертти.

Гуайдо өлкө жарандарын ал мекенине кайтып келе жатканда нааразылык акцияларына чыгууга үндөдү. Ал Аргентинадагы жолугушууда кандай гана тоскоолдуктар болбосун, Венесуэлага кайтып келерин жарыялады:

- Биз бүгүн үйүбүзгө сөзсүз кайтып барарыбызды жарыялап койгум келет. Ошондой эле бардык венесуэлалыктардан көчөгө чыгып, бизге кошулууну, жаңы нааразылык акцияларына чыгууну суранабыз.

Венесуэла бийлиги Гуайдонун «өкмөткө каршы иш-аракетине» байланыштуу иликтөө жүргүзүүдө. Жогорку сот ага өлкөдөн чыгууга тыюу салганына карабастан, оппозиция лидери өткөн жумада АКШдан келе жаткан гуманитардык жүктү киргизүү максатында Колумбияга өтүп, андан ары Латын Америкасындагы бир катар мамлекеттерде жолугушуу өткөрдү. Колумбиядан тышкары, Эквадор, Бразилия, Аргентина, Парагвай жана башка өлкөлөргө барган Хуан Гуайдо АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен да кезикти.

Анын бул сапары президент Николас Мадурого басымды күчөтүү катары кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG