Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Венесуэлада кризис күчөдү


Армияны көздөй таш ыргыткан нааразы тургун. Венесуэла-Бразилия чек арасы. 23-февраль, 2019-жыл.
Армияны көздөй таш ыргыткан нааразы тургун. Венесуэла-Бразилия чек арасы. 23-февраль, 2019-жыл.

Венесуэлада президент Николас Мадурого каршы чыккандар менен өкмөттү колдогон армия өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуу уланып жатат.

Чек аралардагы кагылышуулар

Жалпысынан Венесуэланын Колумбия жана Бразилия менен чектешкен аймактарында болгон кагылышуулар төрт адамдын өмүрүн алып, жарадарлардын саны 300гө жетти.

Курман болгондордун арасында 14 жаштагы өспүрүм да бар экени кабарланды. Мадурого каршы чыккандар аскерлерге жана полиция кызматкерлерин көздөй таш жана башка буюмдарды ыргытышып, ал эми коопсуздук күчтөрү аларга каршы көздөн жаш чыгарчу газ бүркүп, ок атты.

Колумбия менен чек арада жайгашкан Урена жана Сан-Антонио шаарларындагы кагылышууларда гуманитардык жардам алып келаткан эки автоуунаа өрттөлдү. Оппозиция «бул машинелерди Мадуронун тарапташтары өрттөдү» десе, бийлик муну Американын чалгын кызматы уюштурганын айтып чыкты.

Оппозицияны жактаган, түмөндөгөн адамдар чек арадагы аймактарга бир канча күндөн бери Венесуэлага өткөрүлбөй, Колумбияда турган автокербенди өткөрүп алыш үчүн топтолушкан. АКШ жиберген 300 тоннадай жардамды Николас Мадуро өлкөгө киргизүүгө тыюу салган. Ал тургай Колумбия жана Бразилия менен чек араларды да жаптыртып салган. Мадуро жардам деген шылтоо менен Кошмо Штаттар оппозицияга курал-жабдык жөнөтүшү мүмкүн деп эсептейт.

Ал өзүн колдогон Орусия, Кытай жана Түркия сыяктуу гана мамлекеттерден жардам алууга даяр.

Ошентип Гуайдо жана анын тарапташтарынын чек арадагы аскерлер менен сүйлөшүп, Венесуэлага автоунааларды киргизүү аракеттеринен майнап чыккан жок.

Венесуэла менен Колумбиянын чек арасы. 23-февраль, 2019-жыл.
Венесуэла менен Колумбиянын чек арасы. 23-февраль, 2019-жыл.

Мадурого каршы эл аралык кысым

Бул кагылышуулардан кийин Николас Мадурого эл аралык басым күчөдү. Оппозициянын гуманитардык жардамды өлкөгө киргизүү аракети кан төгүүлөр менен коштолгондон кийин Вашингтон «Мадуронун бийликте саналуу эле күнү калганын» эскертти.

Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдо эл аралык коомчулукту Венесуэланы «диктатордук режимден арылтуу үчүн бардык чараларды карап көрүүгө» чакырды. Ал мындай билдирүүнү дүйшөмбүдө Латын Америка мамлекеттери жана Канада, жалпысынан 14 мамлекет кирген ЛИМА тобунун жыйынына катышуу үчүн Боготага учар алдында жасады.

Евробиримдик Мадуронун администрациясын жайкын тургундарга каршы ок чыгарганын сынга алды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш бул окуялар аны «нес кылганын жана адам өлүмүнө кабатыр» экенин белгиледи.

Колумбиянын президенти Иван Дуке анын мамлекетинде өтө турган жыйынга Венесуэланын «мыйзамдуу бийлиги» катышарын билдирди. Ал ошондой эле бул жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пенс да келерин кошумчалады.

Оппозиция лидери Хуан Гуайдо. 30-январь, 2019-жыл.
Оппозиция лидери Хуан Гуайдо. 30-январь, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Мадуронун бийликтеги күнү саналуу экенин» эскертип, эки өлкөнүн чек арасындагы Мадуронун куралдуу тарапташтарынын аракеттерин айыптады.

Венесуэланын Тышкы иштер министрлиги Помпео өлкөнүн иштерине аскердик жактан кийлигишүү үчүн шылтоо издеп жатканын билдирди.

Ошону менен катар чек арадагы башаламандыктан пайдаланып, Венесуэла армиясынын алтымыштай аскери Колумбияга кире качканы маалым болду.

«Amnesty International» жайкын тургундарга каршы ок атылышын адам укуктарынын олуттуу бузулушу деп баалап, окуяларды сынга алды.

Венесуэланын бийлиги соңку күндөрү курман болгондордун жана жабыркагандардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек.

Венесуэладагы кош бийлик

Түштүк Америкадагы бул мамлекетте экономикалык кризис курчуп турат. Өлкөдө тамак-аш, дары-дармек жетишпейт, миллиондогон адамдар коңшу мамлекеттерге жакшы жашоо издеп чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Венесуэлада кош бийлик январь айынын соңунда башталган. 23-январда оппозиция лидери, парламент төрагасы, 35 жаштагы Хуан Гуайдо өзүн утурумдук президент катары жарыялап, анын бийлигин АКШ, Канада баш болгон 50дөн ашуун мамлекет тааныган. Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG