Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Ооганстанда суу ташкыны 30дан ашык кишинин өмүрүн алды


Аскердик вертолет суу каптаган райондо оодарылып кеткен жүк ташуучу машинедеги кишилерди куткарып жатат. Ооганстан, Кандагар. 2-март, 2019-жыл.
Аскердик вертолет суу каптаган райондо оодарылып кеткен жүк ташуучу машинедеги кишилерди куткарып жатат. Ооганстан, Кандагар. 2-март, 2019-жыл.

Ооганстанда суу ташкындан кеминде 32 кишинин өмүрү кыйылды.

Каза болгон алты киши Гильменд провинциясындагы Навы шаарынын, алтоо Лашкаргах калаасынын жашоочулары экенин провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Омар Звак билдирди. Анын айтымында, аймакта табият кырсыгынан сегиз киши жаракат алды.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки суу ташкындан эки миңден ашуун турак жай зыянга учурады.

Ал эми Кандагар провинциясында 20 киши каза таап, эки миңге чукул үй кыйраганын БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, провинциянын беш районунда кеминде он адамдын дайыны белгисиз болууда.

Марттын башынан бери Ооганстанда жаан-чачын нормадан ашыкча жаады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG