Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:51

ИИМ мигранттарды сабырдуу болууга чакырды


Москвадагы полиция кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Аскат Алиев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Москвада эмгектенип жүргөн кыргызстандык жаштарга кайрылды. Ал акыркы күндөрү түрдүү социалдык тармактарда кыргыз жаштарды тез чогула калууга үндөгөн чакырыктар тарап жатканын белгилеп, жаштарды андай чакырыктардан алыс болууга, чагымга алдырбоого үндөгөн.

«Тилекке каршы, мындай чогулуунун арты жакшы менен бүтпөй, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн. Ошондуктан өзгөчө жаш муундардын өкүлдөрүнөн суранабыз: мындай учурда чагымга алдырбай, мыйзам бузбай, полицияга же ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышыңар керек» деп жазган Аскат Алиев. Ал ошондой эле бир ууч жаштардын мыйзам бузган терс иштери жалпы Орусияда эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерге терс таасир тийгизерин эскерткен.

Маалыматтарга ылайык, акыркы жумаларда «WatsAp» аркылуу Москва шаарындагы кыргыз жаштарын башка бир улуттун өкүлдөрү «таарынтып койгону», алар менен «сүйлөшүү» үчүн массалык чогулууга чакырган билдирүүлөр тараган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG