Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) миллиарддаган доллардын изин жашырууга жардам берген кезектеги схеманын учугун Орусиядан тапты.
Баш кеңсеси Сараеводо жайгашкан бул борбордун жана литвалык «15min.lt» басылмасынын иликтөөчү журналисттеринин колуна жалпы суммасы 470 миллиард долларга бааланган бир миллиондон ашык банк транзакцияларын көрсөткөн документтер тийген.
Аларды талдоонун натыйжасында арам акчанын изин жашыруу менен алектенген «Тройкадагы ландромат» аттуу ири глобалдык схема ашкереленди. Бул схема аркылуу 2006-2013-жылдар аралыгында баш-аягы 8 миллиард 890 миллион доллардай каражат адалданган.
Анын чордонунда Орусияда Советтер Союзу ыдырагандан көп өтпөй түзүлүп, 2012-жылы «Сбербанктын» карамагына өткөн «Тройка-Диалог» инвестициялык банкы турат.
Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун редакторлорунун бири Илья Лозовский бул банк түзгөн схема аркылуу күмөндүү каражаттар өтүп турганын «Азаттыкка» айтып берди:
- Бул системага кирип чыккан акчанын бир бөлүгүнүн булагы шек жаратат. Алардын арасында орусиялык маркум адвокат Сергей Магнитский ашкерелеген салык көз боёмочулугуна байланыштуу схемада табылган каражаттар бар. Ошондой эле Москвадагы Шереметьево аэропортун керосин менен камсыз кылуудагы көз боёмочулуктун да изи чыкты. Анда авиациялык керосин кымбат сатылып, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү бул схема аркылуу адалданган.
Иликтөөдө «Тройкадагы ландромат» схемасын Орусиянын президенти Владимир Путиндин эски досторунун бири, виолончелист Сергей Ролдугин да колдонгону белгиленген. Документтерге ылайык, Ролдугиндин эсебине бул схема аркылуу 69 миллион доллар түшкөн. Бирок виолончелист өзү мыйзам бузбаганын айтып жатат.
2012-жылы «Тройка Диалогду» «Сбербанк» сатып алган. Орусиялык бул банк азырынча комментарий бере элек.
2017-жылы OCCRP уюму Азербайжандын башында турган элита өкүлдөрү 2012-2014 жылдары Британияда катталган жасалма компаниялар аркылуу өлкөдөн үч миллиард доллардай акчаны чыгарып кеткенин, ал каражаттын бир бөлүгү европалык саясатчыларга пара катары берилгенин ашкерелеген.