Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Жээнбеков: Сот системасы таза иштесе гана өлкөдө калыстык орнойт


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, көз каранды эмес жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эмес экенин айтты.

Мамлекет башчы сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө калыстык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделе турганын белгилеген. Мындан сырткары, мамлекет кийинки жылдары сот системасын терең реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүп жатканы айтылган.

«Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьяларга зор жоопкерчилик жүктөлүп, алардын кесипкөйлүгүн, кара кылды как жарган калыстыгын арттыруу өзгөчө мааниге ээ. Мыйзам алдында бардыгы бирдей экенине элдин ишенимин бекемдөөгө, соттун адилеттүүлүгүн арттырууга сот системасынын ар бир кызматкери өз салымын кошот деп ишенем», - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстанда 2010-жылкы апрель ыңкылабынан бери сот тармагын реформалоо демилгеси айтылып келет.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомчулуктун сынына, нааразылыгына карабай сот реформасы ишке ашканын айтып келген, бирок Жээнбеков кызматка барганы бул тармакта көп иштер жасала элек экенин билдирген.

Буга чейин айтылгандай, сот реформасын толук ишке ашырууга 2022-жылга чейин 17 миллиард сом керектелет. Бул каражат бюджеттен жана эл аралык донорлордон алынат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG