Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Окумуштуу Теңдик Аскаров дүйнөдөн кайтты


Маркум Теңдик Аскаров.
Маркум Теңдик Аскаров.

Көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Теңдик Аскаров узакка созулган оорудан кийин, 82 жашында 4-мартта дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады.

Теңдик Аскаров 1937-жылдын 18-декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган.

Эмгек жолунда Кыргызстан компартиясынын БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы (1967-1971), Жазуучулар союзунун төрагасы (1971-1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1980-1985), 1986-жылдан тарта КР Улуттук илимдер академиясынын азыркы философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда иштеген.

1964-жылы кандидаттык, 1993-жылы докторлук диссертацияларын жактаган, ал эми 2000-жылы КР УИАнын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

400дөн ашуун жарык көргөн илимий, илимий-публицистикалык эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын, 1 окуу куралынын, 4 макалалар жыйнагынын, 9 брошюранын автору.

Аскаровдун илимдин өнүгүшүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал «Эл достугу», «Ардак Белги» ордендери, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына ээ болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-мартта, Бишкекте, Улуттук илимдер академиясында өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG