Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:54

Зулпукаров: курултайдын мыйзамдуулугун тиешелүү органдар аныктайт


Иллюстрациялык сүрөт.

3-апрелде боло турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 18-курултайынын легитимдүүлүгүн тиешелүү органдар аныктайт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди. Анын айтымында, курултайды ушул күндө өткөрүү тууралуу чечим саясий кеңештин отурумунда кабыл алынды.

- Кимдики мыйзамдуу, кимдики легитимдүү эмес экенин тиешелүү органдар аныктайт, - деди ал. - Ошондуктан саясий кеңештин көпчүлүгү добуш берип, 3-апрелге съезд өткөрүү тууралуу чечим кабыл алыптыр. Ага чейин 6-апрель деп чечим кабыл алынган дейт. Устав боюнча кезектеги курултайды чакыруу саясий кеңештин гана укугу болуп эсептелет.

Буга чейин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партиянын кезектеги курултайын 6-апрелде өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынганын билдирген.

Зулпукаров бул маселе саясий кеңеште каралбаганынын кошумчалады.

Партиянын курултайы 3-апрелде өтө турганын алгач КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айтып чыккан. (КЕ/ЕВМ)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG