Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов юстиция министри Марат Жаманкуловду комитеттин жыйынына келбей койгону үчүн сынга алды:
- «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Эми айыппулдар келгенде жарандарда ишеним кат боюнча маселе көтөрүлө баштайт. Ушул маселени талкуулаш үчүн Юстиция министрлиги «отчет берем» деп, «басма сөз жыйын өткөрөм» деп парламентке келбейт. Бул министрдин бизге кылган мамилеси эмес, өзүнүн ишине кылган мамилеси. Азыр мындан өткөн артыкчылыктуу маселе барбы? Мына 10 күндөн кийин үйлөргө 10-20 миңден айыппул келе баштайт.
Шыкмаматов министр жоопкерчиликтен качып орун басарын жөнөтүп жатканын айтты.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды. (KR)