Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

УКМК: Рыскелди Момбеков суракка эмес, жолугушууга келди


Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов менен кызматтык жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов кабарлады:

- Эч кандай сурак эмес. Рыскелди Момбеков УКМКнын төрагасы менен кызматтык жолугушууда эле кезигишти.

Буга чейин айрым маалымат булактары депутат УКМКга суракка чакырылганын жазып чыгышкан. УКМКнын басма сөз өкүлү мындай маалыматты төгүндөдү.

Момбеков ТЭЦ-2 жаңы конушунун тургундары менен жолукканда соттордун ишин кескин сынга алып, «алар элге карата адилетсиз чечим кабыл алып жатат» деп билдирген. (KR)

XS
SM
MD
LG