Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина КСДПнын тегерегиндеги абал боюнча 5-марттагы басма сөз жыйынында комментарий берди. Анын айтымында, партия оппозицияга кетет.
- Мейли биз аз бололу, бирок биз оппозицияга кетерибизди аныктадык, - деди ал. - Бизге принципиалдуу, партияда эмне болуп жатканын көргөн, чечкиндүү кишилер кошулсун. Партияны көтөрүп, жардам бериш керек. Мындан ары анын аты (партиянын -авт.) өзгөрөбү-жокпу, тартып алабы же жокпу, аны тарых көрсөтөт, - деди Карамушкина.
Ал КСДПдагы ажырым тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кабардар экенин, учурда партиянын имиджин түшүрүп, туш-туштан Атамбаевди партия лидерлигинен алып түшүү аракети болуп жатканын кошумчалады.
22-февралдагы басма сөз жыйынында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев партияны бир күнү башка бирөөгө өткөрүп берерин айткан. Ал партия азыр оор учурду баштан кечирип жатканын айтып, «бул бир жагынан партиянын тазаланышына шарт түзүп жатат» деп билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаттары, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, адвокат Нурбек Касымбеков жана партиянын катчылыгынын катчысы Таалай Усубалиев бүгүн «Медиа форумда» басма сөз жыйынын өткөрүп, партиянын тегерегиндеги кырдаал, жакында өтө турган курултай тууралуу пикирлерин билдиришти. (КЕ)