Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

Лукашенко: Беларус Батыш менен Чыгышка "бирдей" карайт


Президент Александр Лукашенко
Президент Александр Лукашенко

Президент Александр Лукашенко Беларус Орусия менен Европа биримдигинин ортосундагы “карама-каршылыктын шартында” Батыш менен Чыгышка карата өз саясатын “тең салмактай” турганын айтты.

5-мартта Минскте интеграция маселесин талкуулаган жыйында Лукашенко анын өлкөсү Орусия башында турган Евразия экономикалык союзу менен Евробиримдиктин ортосунда уникалдуу позицияда турганын белгилеп, бул “Беларуска артыкчылык берет” деди.

“Беларустун тышкы саясатынын идеалдуу жолу Чыгыш менен Батыштын ортосунда тең салмактуулукту сактоо” – деди Лукашенко. - Мындай тең салмактуулук Евробиримдиктин базары орусиялык базар менен чыныгы атаандаштыкка жол ачканда гана түзүлөт”.

Лукашенко ошондой эле Минск “НАТО менен өз ара пайдалуу шартта алакасын өркүндөтүшү” зарыл экенин белгиледи.

НАТОнун мүчөлөрү Латвия, Литва жана Польша Беларус менен чектешет.

Беларус ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине (Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия) да кирет.

XS
SM
MD
LG